Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 5 жылдык планы бекитилди

 Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 5 жылдык планы бекитилди

Кыргыз Республикасын орто мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүүнүн макроэкономикалык параметрлерин аныктоо максатында министрлер кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 458 токтому менен 2027-2031-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу бекитилди.

Бул документтин максаты – социалдык-экономикалык процесстерди жана тенденцияларды талдоонун, ошондой эле ресурстарды жана тобокелдик факторлорун аныктоонун негизинде макроэкономикалык өнүгүүнүн сандык багыттарын жана параметрлерин белгилөө болуп саналат.

Болжолдо тармактык министрликтердин, ведомстволордун жана региондордун расмий маалыматтарынын базасында түзүлгөн 2027-жылга экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүүнүн багыттары жана 2028-2031-жылдарга карата экономиканы өнүктүрүүнүн келечеги аныкталган.

Экономика жана коммерция министрлигине квартал сайын максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышына мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгын президенттин администрациясына отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен берип туруу тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост