Бишкекте коомдук транспорттогу акысыз кайра отуруу мүмкүнчүлүгүн 57 миңге чукул жүргүнчү колдонду

 Бишкекте коомдук транспорттогу акысыз кайра отуруу мүмкүнчүлүгүн 57 миңге чукул жүргүнчү колдонду

Бишкек шаарында коомдук транспорттогу акысыз кайра отуруу мүмкүнчүлүгүн алгачкы алты күндө 56 миң 817 жүргүнчү колдонду.

Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы система боюнча жол кирени карта же башка накталай эмес ыкма менен төлөгөн жүргүнчүлөр биринчи төлөмдөн кийин 60 мүнөттүн ичинде муниципалдык каттамдардын ортосунда кошумча акы төлөбөстөн кайра отура алышат.

Аталган система борбор калаада заманбап жана жеткиликтүү коомдук транспортту өнүктүрүү багытындагы иштердин алкагында ишке киргизилген.

“Жаңы тариф жүргүнчүлөрдүн жол киреге кеткен чыгымын азайтып, коомдук транспортту колдонууга ыңгайлуу шарт түзөт. Алгачкы көрсөткүчтөр бул кызматка кызыгуу жогору экенин көрсөтүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост