Садыр Жапаров “Рух Ордодо” Пакистандын президентине комуз белек кылды

Президент Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан “Рух Ордо” маданий борборуна барышты.

Иш сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз элинин бай маданий мурасы менен таанышышты. Ысык-Көлдүн кооз жээгинде Кыргызстандын улуттук өнөрүнүн башкы символдорунун бири болгон комуздун күүлөрү жаңырды.

Урмат-сыйдын жана достуктун белгиси катары Садыр Жапаров Асиф Али Зардариге кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы – комузду белекке тапшырды.

Связанный пост