Талант Эралиев: Негизги максат — кыргызстандыктар үчүн заманбап, жеткиликтүү жана сапаттуу кардиологиялык жардамды камсыз кылуу

Жакында эле Ак-Талаа районунда Президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургун М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда айрым анализдер үчүн кошумча төлөмдөр алынары тууралуу маселе көтөрдү. Бул суроо көптөгөн жарандарды кызыктырып келет, анткени борборго өлкөнүн бардык аймактарынан бейтаптар кайрылышат. Бүгүн ушул жана башка бир катар суроолорго Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев жооп берет.

 

— Сиз ушул жылдын январь айынын аягында директор болуп дайындалдыңыз. Ошондон бери кандай негизги иштерди аткарууга жетиштиңиз?

Алгач борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча иштерге басым жасадык.

Учурда гемодиализ бөлүмүн ачууга даярдык жүрүп жатат. Мындан тышкары, көптөн бери күтүлгөн кардиохирургия бөлүмүн ушул жылдын июль айынын аягында ачуу пландалууда.

Ошондой эле рентгенэндоваскулярдык хирургиянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөбүз. Бүгүнкү күндө мурда өлкөдө сейрек жасалган жогорку технологиялуу операциялар өздөштүрүлүүдө. Алардын ичинде:

* моюн (каротид) артерияларына стент коюу;
* аортанын аневризмасында стент-графт орнотуу;
* буттун кан айлануусу бузулган бейтаптарды ампутациядан сактап калуучу гибриддик операциялар бар.

Кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Россиянын Чазов атындагы Улуттук кардиология борбору, Бакулев атындагы Улуттук жүрөк-кан тамыр хирургия борбору, ошондой эле Пермь жана Астрахань кардиохирургиялык борборлору менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду. Алардын алкагында дарыгерлерибиз квалификациясын жогорулатып, биргелешкен илимий иштер жүргүзүлөт.

Мурда эхокардиография кызматы түнкү убакта иштеген эмес. Азыр бул кызмат 24 саат бою бейтаптарды тейлей баштады.

Мындан тышкары, борбордун бардык клиникалык протоколдорун жаңылоо иштери жүрүп жатат. Аларды ушул жылдын сентябрь айына чейин толугу менен заманбап эл аралык талаптарга ылайыкташтырууну пландап жатабыз.

Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен заманбап жабдуулар сатылып алынууда. Алардын жардамы менен кардиостимулятор орнотуу, радиожыштыктык абляция (RFA), 3D-навигациялык абляция жана криоабляция сыяктуу заманбап операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жаңы жабдуулар август–сентябрь айларында келип түшөт.

 

Сиз Россиянын кардиологиялык борборлору менен кызматташуу тууралуу айтып өттүңүз. Ал борборлордо биздин жарандарды акысыз дарылоо боюнча квоталар каралганбы?

Азырынча мындай маселе меморандумдардын алкагында каралган эмес.

Мындай чечимди эки медициналык мекеме өз алдынча кабыл ала албайт. Бул өкмөттөр аралык деңгээлде түзүлүүчү макулдашуулар аркылуу гана ишке ашырылат.

Биз кол койгон меморандумдар негизинен адистерди окутуу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана медициналык кызматтарды уюштурууну өркүндөтүүгө багытталган.

 

— Борбордо капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Алар качан аяктайт жана бул иштер кандай каражаттын эсебинен жүргүзүлүүдө?

Капиталдык оңдоо иштерине керектелген каражат толугу менен мамлекет тарабынан бөлүнгөн.

Азыркы учурда бөлүмдөр этап-этабы менен жаңыланып жатат. Негизги оңдоо иштери соңуна чыгып калды. Биздин максат — бейтаптарга ыңгайлуу шарт түзүү жана кызматкерлер үчүн заманбап иш чөйрөсүн камсыз кылуу.

 

Борбордо жасалган операциялар акысызбы?

Мамлекет тарабынан Жогорку технологиялар фонду аркылуу кардиологиялык кызматтарды өнүктүрүүгө 320 миллион сом бөлүнгөн.

Бул каражаттын эсебинен жакынкы убакта кардиостимулятор орнотуу, радиожыштыктык абляция жана башка бир катар жогорку технологиялык операцияларды акысыз жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Быйыл 1 500 стент сатылып алынды. Алар ST сегменти көтөрүлгөн курч миокард инфаркты менен түшкөн бейтаптарга толугу менен акысыз коюлат.

Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар аяктагандан кийин 7 бейтапка кан тамыр аркылуу жүрөк клапанын орнотуу (TAVI) операциясы акысыз жүргүзүлөт.

Азырынча бардык операциялар мамлекеттик кепилдиктердин тизмесине кире элек. Ошондуктан кайрымдуулук фонддору менен тыгыз иштеп, социалдык жактан муктаж бейтаптарга жардам көрсөтүп жатабыз.

Мындан тышкары, учурда ST сегменти көтөрүлбөгөн курч миокард инфаркты боюнча жаңы мамлекеттик программаны сунуштадык. Ал кабыл алынса, стентке муктаж болгон бейтаптардын кыйла бөлүгүнө операциялар акысыз жүргүзүлөт.

 

— Жакында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Балыкчыдагы бөлүмдүн иши менен таанышты. Аймактарда дагы борборлор ачылабы?

Ооба. Балыкчы шаарындагы ангиографиялык борбор өз ишин баштап, бүгүнкү күнгө чейин 60тан ашуун бейтапка жогорку технологиялык жардам көрсөттү.

Жакынкы айларда Нарын, Талас жана Кызыл-Кыя шаарларында дагы ангиографиялык борборлорду ачуу пландалууда.

Бул бейтаптардын борборго келип убара болбостон, жашаган жерине жакын жерде заманбап медициналык жардам алуусуна шарт түзөт.

 

— Президенттин Жарлыгына ылайык сиздердин борбор автономдуу башкарууга өттү. Бул эмнени билдирет?

– Автономдуу башкаруу — бул мамлекеттик мекеме бойдон калуу менен башкаруунун жана каржылоонун жаңы моделине өтүү дегенди билдирет.

Бул жаңы медициналык технологияларды тезирээк киргизүүгө, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга, кызмат көрсөтүүнүн сапатын көтөрүүгө жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын акырындык менен көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Азыркы учурда айрым анализдерге, эхокардиографияга, Холтер ЭКГсына жана башка диагностикалык кызматтарга бейтаптар төлөм жүргүзүшөт. Бул эмне себептен? Чогулган каражат кайда жумшалат?

– Бул суроо боюнча туура түшүндүрмө берүү маанилүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы №493 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, мамлекеттик кепилдиктердин негизги же кошумча пакетине кирбеген лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр белгиленген прейскурант боюнча акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда, эгер бейтап үй-бүлөлүк медицина борборунан же жалпы дарыгерлик практика борборунан жолдомо алып, мамлекеттик кепилдиктер программасына кирген кызматтарды алуу үчүн келишим түзүлгөн медициналык мекемеге жөнөтүлсө, анда бейтаптан кошумча төлөм алынбашы керек. Эгерде мындай келишим жок болуп, бейтап кызмат үчүн өзү төлөп калса, мыйзамга ылайык тиешелүү документтердин негизинде төлөнгөн каражатты кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Биздин борбордо акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн каражат атайын эсепке (атайын каражаттар фондуна) түшөт жана мыйзам талаптарына ылайык төмөнкү багыттарга жумшалат:

* медициналык жабдууларды сатып алууга жана жаңылоого;
* жабдууларды техникалык тейлөөгө жана оңдоого;
* дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууга;
* борбордун күнүмдүк чарбалык чыгымдарын жабууга;
* имараттарды оңдоо иштерине;
* ошондой эле кызматкерлердин эмгек акысынын атайын каражаттардан төлөнүүчү бөлүгүн каржылоого.

Башкача айтканда, бул каражаттар борбордун ишин үзгүлтүксүз камсыз кылууга жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга багытталат. Биздин негизги максат — мыйзамдын талаптарын так сактоо менен бейтаптар үчүн медициналык жардамды мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана сапаттуу кылуу.

Связанный пост