“Тулпар” картасы менен 60 мүнөт ичинде акысыз автобус которуунун жол-жобосу
Бишкек шаарындагы коомдук транспортто “Тулпар” картасы менен автобус алмаштырууда жол кирени кайра төлөбөө мүмкүнчүлүгү ишке кирди. Эми жүргүнчүлөр бир сааттын ичинде бир эле жолку төлөм менен кошумча акы төлөбөстөн, 4-5 жолу автобус алмаштырып жүрө алышат. Бул тууралуу “Тулпар” долбоорунун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков билдирди.
Анын айтымында, бул система шаарда 1-июлдан тарта ишке кирип, стандарттуу көк түстөгү “Тулпар” карталары менен иштейт.
“Биринчи төлөм жүргүзгөндөн кийин системада 60 мүнөттүк таймер башталат. Экинчи автобуска 10 мүнөттөн кийин отурса болот. Мисалы, экинчи автобуска түшүп төлөм жүргүзгөн учурда система автоматтык түрдө аныктап, ал сапарды “которулуп түшүү” катары кабыл алат да, жүргүнчү эч кандай акча төлөбөйт. Система сапарды 0 сом менен тарифтейт”, — деди ал.
Акматбеков кошумчалагандай, бул тариф биринчи жолу кирип жаткандыктан, коомчулуктун сунуш-пикирлери эске алынып, зарыл болсо өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Маалыматка ылайык, учурда күнүнө 720 миңге жакын электрондук төлөм жүргүзүлүүдө. Анын 40 пайызын транспорттук карталар (көк түстөгү стандарттык карта, окуучулардын жана пенсионерлердин жеңилдетилген картасы) түзөт. Жай мезгилинде окуучулардын эс алуусуна байланыштуу жүргүнчүлөрдүн саны бир аз азайганы менен, күзүндө көрсөткүчтөр кайра калыбына келери күтүлүүдө.