Нарында жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштери башталды
Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдыктын алкагында жылуулук тутумун оңдоо, турак жайларды жылуулукка кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин текшерди.
Мэриядан билдиришкендей, мэр тийиштүү мекеме жетекчилери менен штабдык жыйын өткөрүп, төмөнкүдөй тапшырмаларды берди:
- Калкка жана социалдык-экономикалык тармактарга көмүр ташууну баштоо, отканаларды жана жылуулук түтүктөрүн оңдоону, кабаттуу турак жайларды жылуулукка кошуу иштерин жакшыртуу;
- Электр чордондорун жана чубалгыларын оңдоо, жаңыртуу иштерин өз убагында бүткөрүү, электр энергиясын сарптоо жана лимиттин пайдаланылышы боюнча талдоо жүргүзүү менен көйгөйлөрдү алдын алуу;
- Жаңы курулуп жаткан турак жайларды жана башка социалдык объекттерди жылуулукка кошуу иштерин жүргүзүү;
- Калктын көмүргө болгон муктаждыгын тактоо, керектөөчүлөрдү көмүр менен камсыздоо үчүн кошумча базаларды ачуу боюнча иштерди өз убагында аткаруу.
“Мэр жогорудагы милдеттерди кечиктирбестен аткарууну тийиштүү мекеме жетекчилеринен талап кылды”,-деп айтылат маалыматта.