Көпүрөнү сел алып, Кара-Кече кенине барчу жол толугу менен жабылды

 Көпүрөнү сел алып, Кара-Кече кенине барчу жол толугу менен жабылды

Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, табигый кырсыктын айынан аталган каттамдын 30-32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келген.

Натыйжада Кара-Кече көмүр кенине алып баруучу жолдо бардыкунаа кыймылы токтотулду.

“Кыргызкөмүр” ишканасы бардык жүк ташуучу жана жеңил унаалардын ээлерин, көмүр ташуучуларды, ишкерлерди жана жарандарды жол толук калыбына келтирилгенге чейин Кара-Кече багытына каттабай турууга чакырат.

Связанный пост