Кочкордогу нөшөрлүү жаан: 4 турист жана 7 өспүрүм коопсуз жайга чыгарылды

2-3-июлда Кочкор районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен бир катар аймактарды суу каптады. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын негизинде Көл-Үкөк жайлоосунда жүргүзүлгөн коопсуздук иш-чараларынын алкагында 4 чет өлкөлүк саякатчы жана 7 жергиликтүү өспүрүм коопсуз аймакка чыгарылып, Кочкор айылына аман-эсен жеткирилди. Ошондой эле дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, район боюнча 9 көпүрөнү суу алып кеткен.

“Учурда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар тилкелерде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, дарыялардын жээктерине, сайларга, каналдарга, көпүрөлөргө жана башка сел коркунучу бар аймактарга баруудан алыс болуу сунушталат. Ошондой эле ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбоо эскертилет.

Связанный пост