“Кыргызкөмүр”: Акыркы беш жылда көмүр казуу жогорку көрсөткүчкө жетти
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 5 млн 314,1 миң куб метр көлөмүндө ачуу иштери аткарылып, акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүчкө жетишилди. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ААКсынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилиндеги жыйынтыкка салыштырмалуу дээрлик 1,6 эсеге көп.
Мындай олуттуу өсүш ишкананын бүгүнкү күндө сапаттык жактан жаңы деңгээлде иштеп жатканын айгинелейт. Ачуу иштеринин көлөмүнүн көбөйүшү өндүрүштү туура пландаштыруунун, заманбап тоо-кен техникаларын өз убагында ишке тартуунун, ошондой эле инженердик-техникалык кызматкерлердин жана жалпы эмгек жамаатынын жогорку кесипкөйлүгүнүн натыйжасы экени белгиленүүдө.
“Ачуу иштери көмүр казып алуунун негизги пайдубалы болуп саналат. Ачуу иштеринин көлөмү алдын ала канчалык көп аткарылса, алдыдагы күз-кыш мезгилинде көмүрдү үзгүлтүксүз казып алуу ошончолук ишенимдүү камсыздалат. Жетишилген көрсөткүчтөр ишкананын өндүрүштүк запастарын алдын ала түзүп, жылытуу мезгилине жогорку кесиптик деңгээлде даярдык көрүп жатканын тастыктайт”, – деп айтылат маалыматта.