Касымалиев: “Бишкек+25” саммити Кыргызстандын тоо күн тартибинде дүйнөлүк лидерлигин көрсөтүшү керек

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында 2026-жылдын 21-23-октябрь күндөрү борбор калаада өтө турган “Бишкек+25″ Экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин биринчи отуруму болуп өттү.

Жыйынды ачып жатып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы алдыдагы форумдун Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисин белгиледи. Ал белгилегендей, иш-чара эң жогорку деңгээлде уюштурулушу керек, анткени бул дүйнөлүк тоо күн тартибин калыптандыруу жана тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу.

“”Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммити Кыргыз Республикасынын демилгеси менен өтүп жаткан дүйнөлүк маанидеги ири эл аралык иш-чара. Биздин максатыбыз өлкөнүн уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү гана эмес, Кыргызстандын глобалдык масштабда демилгелерди алдыга жылдырууга жана колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүү мамлекет катары статусун дагы бир ирет ырастоо болуп саналат”, – деди Адылбек Касымалиев.

Жыйындын жүрүшүндө Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү даярдыктын жүрүшүн деталдуу карап чыгып, Саммитти уюштуруунун практикалык этабына өтүү үчүн зарыл болгон бир катар чечимдерди кабыл алды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы иш-чарага чейин аз убакыт калганын жана ар күнү тынымсыз иш алып барууну талап кылаарын белгиледи.

Адылбек Касымалиев Уюштуруу комитетине кирген мамлекеттик органдардын жетекчилери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартаарын өзгөчө белгиледи. Өкмөт башчысы даярдык көрүү графигин так сактоону талап кылып, мындай деңгээлдеги форумду уюштуруу өлкөнүн эл аралык аброюна жана улуттук кызыкчылыктарды дүйнөлүк аренада алга жылдыруунун ийгилигине түздөн-түз таасир этээрин белгиледи.

Связанный пост