Медреседе уулангандардын саны 58ге жетти
Бишкекте тамакка ууланып, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандардын саны 58ге жетти. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
Башкы дарыгердин айтымында, алардын ичинен 23ү ооруканага жаткырылды. Бүгүн тогуз бейтап үйүнө чыгарылат.
“Үйүнө чыга тургандардын абалы жакшы болуп калды. Калган бейтаптардын абалы да турукташты. Мындан ары да аларды дарылоо улантылат”, – деди ал.
Башкы дарыгер белгилегендей, 35 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген.