Манас шаарында селден жабыркаган жаранга 1 млн сом төлөндү
Манас шаарында селден жабыркаган жаранга ири көлөмдөгү камсыздандыруу төлөмү берилди.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришкендей, селден жабыркаган турак жай боюнча баалоо иштери жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында уюмдун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев 1 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн тапшырды.