Президент жарандарды мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды

 Президент жарандарды мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды

Министрлер кабинети Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында калк үчүн жылдык 17 пайыздык киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, эми ар бир жаран аларды мобилдик тиркеме аркылуу сатып ала алышат.

“Ар бир жаран мамлекеттик баалуу кагаздарды “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде оңой эле сатып ала алат. Жалпак тил менен айтканда, финансылык мекемелерге барып убакыт коротпой эле, ар кандай документтерди толтуруп убара болбой эле инвестиция жасай алат. Салган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жарандар жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турушат. Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын, башкача айтканда, квартал сайын төлөнүп берилет”, — деди президент.

Садыр Жапаров мисал келтирип, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше аларын айтты. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип, эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат.

Мындан улам өлкө башчысы жарандарды баалуу кагаздарды сатып алууга жигердүү катышууга чакырды.

“Мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору турат. Жакын арада мамлекеттик баалуу кагаздардын кайра сатуу функциясы иштелип чыгат. Кыргызстандын мамлекеттик баалуу кагаздарына мамлекет тарабынан кепилдик берилгендиктен, эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат. Ошондуктан мен ар бир жараныбызды аталган демилгени колдоп, ага жигердүү катышууга чакырам”, — деп белгиледи президент.

723838421_3409334449241460_4953338934008389997_n.jpg

Связанный пост