Адылбек Касымалиев Ташкенттеги Ислам цивилизациясы борборуна барды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы Ислам цивилизациясы борборуна барды.
Уникалдуу эл аралык илимий-билим берүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышуу Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун алдында өткөрүлдү.
Азербайжан, Беларусь, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттеринин өкмөт башчыларын Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов коштоп жүрдү.
Анда ислам илиминин, маданиятынын жана агартуусунун өнүгүшүнө Борбор Азия элдеринин көп кылымдык салымын чагылдырган кол жазмалардын, артефакттардын жана уникалдуу экспонаттардын бай коллекциясы тааныштырылды. Ошондой эле Ыйык Куран залын да көрүп чыгышты.
Борбор Өзбекстандын исламга чейинки жана ислам доорундагы бай маданий мурасын, илим, билим жана санариптик технологиядагы заманбап жетишкендиктерди камтыйт. Борбордун ишмердүүлүгү аймактын дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон салымын изилдөөгө, сактоого жана жайылтууга багытталган.
Таанышуунун жүрүшүндө Ислам цивилизациясы борборунун тарыхый булактарды, руханий мурасты жана заманбап изилдөөлөрдү бириктирген илимий-билим берүү жана маданий борбор катары маанилүүлүгү белгиленди.
Иш-чаранын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ислам цивилизациясынын борборунун ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.