Бишкекте 14 автобустун каттамы өзгөрдү

 Бишкекте 14 автобустун каттамы өзгөрдү

Бүгүндөн тарта Бишкекте Киев көчөсүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу 14 автобустук каттамдын жүрүү чиймелери убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү:
№104, №212, №222, №254, №7Т, №25, №243, №216, №145, №103, №66, №42, №36 жана №24.

“Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө аталган каттамдар айрым тилкелерде убактылуу альтернативдүү көчөлөр аркылуу жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост