ИИМ туристтик мезгилге толук даяр

 ИИМ туристтик мезгилге толук даяр

Кыргызстандын ички иштер органдары жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн кызмат өтөө тартибине өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Тартип сакчыларына жана келген конокторго көмөк көрсөтүүгө тартыла турган бардык унаа каражаттары техникалык кароодон өткөрүлүп, кызматтык милдеттерди аткарууга толук даярдалды. Байланыш каражаттары жана атайын жабдуулар кайрадан текшерүүдөн өттү.

“Туристтик сезондун соңуна чейин милиция кызматкерлери эс алуу аймактарында жана каттамдарда коомдук тартипти көзөмөлдөп, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ар кандай инциденттерге өз убагында ыкчам чара көрүү багытында үзгүлтүксүз иш алып барышмакчы”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост