Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кош салык салууну жоюу жөнүндө мыйзамга кол коюлду

 Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кош салык салууну жоюу жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Ушул макулдашуунун максаты болуп салык салуудан бошотуу же салык төлөөдөн качуу жана салык салуудан четтөө аркылуу (анын ичинде үчүнчү мамлекеттердин резиденттеринин кыйыр пайдасы үчүн ушул макулдашууда каралган жеңилдиктерди алууга багытталган макулдашуулардын артыкчылыктарын пайдалануу жолу менен) салык салууну азайтуу үчүн мүмкүндүк түзбөстөн киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу саналат.

Связанный пост