Селден жабыркагандарга 3,5 млн сом берилди
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жана суу каптоодон жабыркаган 19 жаранга 3 млн 517 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмү төлөнүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, төлөмдөр камсыздандырылган турак жайларга жүргүзүлдү.
Камсыздандыруу төлөмдөрү турак жайларга келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша берилип, айрым учурларда компенсациянын суммасы 500 миң сомдон 1 млн сомго чейин жетти.
Белгилей кетсек, турак жайды камсыздандыруу сел, жер көчкү, катуу шамал жана башка табигый кырсыктарда жарандардын финансылык коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.