Түндүк–Түштүк альтернативдик жолу убактылуу пайдаланууга берилди
Кыргызстандагы эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ушул жылдын ноябрь айына чейин убактылуу ачылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жолдо кыймылга күндүзгү убакытта гана – таңкы саат 6:00дөн кечки 20:00гө чейин уруксат берилет.
Жүк ташуучу унааларга октук басымы 11,5 тонналык салмак ченемдерин так сактоо эскертилет. Муну көзөмөлдөө үчүн Балыкчыда жана “Дыйканда” туруктуу пункттар, ошондой эле Жалал-Абад менен Балыкчыда 2 мобилдик көчмө топ иштейт.
Унаа жолунун 324-чакырымындагы өткөрүү пунктунда тоннелден өтүү үчүн акы алынат. Ал унаанын түрүнө жана категориясына жараша 100 сомдон 5 миң сомго чейин түзөт.
Айдоочулардын коопсуздугу үчүн трассага заманбап жол белгилери, электрондук маалымат такталары орнотулду. Учурда Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин кооптуу тилкелеринде 3 эстакадалык көпүрө жана кар көчкүдөн коргоочу 2 галерея курулууда.
Жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын 200 чакырымы мурда такыр жол жок жерге салынган. Аталган жолдо курулган Көк-Арт тоннели Кыргызстандагы эң узун тоннель. Узундугу – 3,890 чакырым, туурасы – 10-14 метр, бийиктиги – 8,6 метр. Жол 2 тилкелүү, жөө адамдар өтүүчү тилкеси да бар.
Бул жол аркылуу айдоочулар Жалал-Абаддан Балыкчыга чейинки аралыкты мурдагыдай 13 саат эмес, болгону 6 саатта ичинде басып өтө алышат. ИИМ жана Транспорт министрлиги айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого чакырат.
Эскерте кетсек, аталган унаа жолу толугу менен 2028-жылы расмий түрдө туруктуу пайдаланууга берилери пландалууда.