Бүгүн 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды
Бүгүн, 1-июндан баштап 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул этапта ата-энелер жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерди тандап, балдарын каттай алышат.
Арызды 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле “Түндүк” тиркемеси, MegaPay жана башка банктык тиркемелер аркылуу онлайн түрдө берүүгө болот.
“Каттоо толугу менен электрондук форматта жүргүзүлөт. Ата-энелерден мектепке барып документ тапшыруу талап кылынбайт”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, 1-класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат.
Эске салсак, быйыл 1-класс үчүн өлкө боюнча 192 миң 250 квота берилген. Каттоонун биринчи этабында 74 миң бала катталды. Учурда 118 миң 172 бош орун бар.