Улуттук кардиология борборун жаңылоого 423 млн сом бөлүндү
Финансы министри Руслан Сүйналиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратындагы капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Анын айтымында, 2023-жылдан тарта капиталдык салымдарды каржылоо мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен жарым-жартылай жүргүзүлүп келет.
“Бул механизмдин алкагында медициналык борборду модернизациялоого 423 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө оңдоо иштери дээрлик толугу менен каржыланды. Өздөштүрүлө элек каражат 20–30 млн сомдун тегерегинде, ал эми курулуш иштеринин 95 пайызы аяктады”, — деди Сүйналиев.
Текшерүүнүн жүрүшүндө министр медициналык мекеменин негизги бөлүмдөрүн кыдырып чыкты. Ал жаңыланган операция залдарын, интенсивдүү терапия палаталарын көрүп, жаңы жогорку кластердик кардиология бөлүмүнүн ишке кирүүгө даярдыгы менен кеңири таанышты.
Ошондой эле министрге жүрөккө эң татаал хирургиялык операцияларды жасоого арналган жаңы заманбап жабдуулар көрсөтүлдү.
“Биз үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттар максаттуу пайдаланылып жатканына ынануу маанилүү болчу. Бүгүн бул инвестициялар толук акталганын көрүп жатабыз. Мурда жүрөк-кан тамыр системасына байланыштуу оор операцияларды жасатуу үчүн жарандар чет өлкөгө чыгууга мажбур болсо, эми эң заманбап жогорку технологиялуу жабдуулар менен мындай операцияларды өлкө ичинде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү”, — деп белгиледи Руслан Сүйналиев.