Новопавловкада мас абалындагы айдоочу жол чыракта токтоп турган жети унааны сүзгөн

 Новопавловкада мас абалындагы айдоочу жол чыракта токтоп турган жети унааны сүзгөн

Новопавловкада мас абалындагы айдоочу жол чыракта токтоп турган жети унааны сүзгөн жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-майда болжол менен саат 13:30 чамасында 54 жаштагы Р.Б. аттуу айдоочу мас абалында Mercedes-Benz Actros үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны башкарып бара жатып, Новопавловка айылындагы Фрунзе көчөсүнөн жети автоунааны сүзгөн. Андан кийин унаа жолдун так ортосунда токтогон.

Жол кырсыгынын кесепетинен 7 унаа тең жабыркаган. Жабыркаган жарандар тууралуу маалымат такталууда. Бир катар жарандар медициналык жардам алуу үчүн кайрылышкан.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Унаалар айып короосуна киргизилди. Айдоочу кармалды.

Учурда соттук-медициналык жана авто-техникалык экспертизалар дайындалды.

Связанный пост