“Ачык кабинет”: Эрлист Акунбеков менен бир күн

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет” медиа долбооруна катышып, коомго чыгарууга мүмкүн болгон жумуш графигин Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү менен бөлүштү, аны бир күн бою ЖМК өкүлдөрү коштоп жүрдү.

Ал өзүнүн иш графигин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Биринчи радиосунда түз эфирге/уктурууга катышуу менен баштады. Анда Министрлер Кабинетинин реалдуу секторунда аткарып жаткан иштери тууралуу угармардардын суроолоруна жооп берди.

Андан соң Президенттин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратына келип МинКаб Төрагасынын орун басары катары Кыргызстанда микроэлектрогенерацияны өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү. Отурумга мамлекеттик органдардын, банктардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты. Өлкөдө экономика өнүгүп электр энергияга болгон керектөө өсүүдө, маселен 2025-жылы дефицит 3,8 млрд кВт саатты түзгөн. Ошол себептүү энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу аркылуу микроэлектрогенерацияны өнүктүрүү зарылдыгы белгиленип, жыйынтыгында тапшырмалар берилди.

Мындан кийин Эрлист Акунбеков Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык жетекчиси Айтен Рустамова менен жолукту. Жолугушууда биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы, ирригация жана ичүүчү суу менен камсыздоо тармагындагы мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Эки тараптуу жолугушуудан чыгып МинКаб Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин азык-түлүк коопсуздугу жана жазгы-талаа иштери жөнүндө протоколдук тапшырманын аткарылышы жана министрликтин аппараттык жыйынын өткөрдү. Жооптуу кызматкерлердин баяндамалары угулгандан кийин, тапшырмалар берилди.

МинКаб Төрагасынын орун басары жумуш графигинин экинчи бөлүгүн Чүй облусундагы объекттерди кыдыруу менен улантты. Алгач Чүй районунда “Осмон” каналын ишке берүү аземине катышты. Анда сөз сүйлөгөн Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун ирригация тармагына өзгөчө көңүл бураарын айтып, бул багыттагы иштер мындан ары дагы өнүктүрүлөөрүн билдирди. Белгилей кетсек, “Осмон” каналын реаблитациялоо жана модернизациялоо иштерине жалпы 539 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.

Андан соң Ысык-Ата районундагы “Флекфи” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, жеринде малдарга эмдөө жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Россиянын ортосунда шарп ылаңына каршы 1 млн доза вакцинаны Кыргызстанга алып келүү боюнча келишим түзүлгөн болчу, мына ошол вакцинанын өлкө аймактарына жеткирилиши жана иштин аткарылышы тууралуу ЖМК өкүлдөрүнө айтып берди.

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкек шаарынын Чыгыш айланма жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан жолдун жалпы узундугу 16,2 чакырым. Бул жол ишке берилсе Бишкектин айрым жолдорундагы унаа тыгындарын болтурбоонун алдын алаары болжолдонууда.

ЖМК өкүлдөрү МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн жыйындарда, объекттердеги курулуш иштерин жана ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөдө, Мамлекет башчысы тарабынан коюлган тапшырмаларды талкуулоодо жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө процессине күбө болушуп, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Андан соң бир күндүк жумуш графигинин жыйынтыгында Эрлист Акунбеков Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине барды. Анда алдыдагы өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган ар тараптуу мамлекеттик программалар жана пландар тууралуу ой бөлүшүп, “Ачык кабинет” медиа долбоору аркылуу Министрлер Кабинетинин иш графиги абдан тыгыз экенин көрсөтүүгө, ошону менен бирге аткарылып жаткан иштердин арбын экендигин белгилөөгө болоорун билдирди.

Связанный пост