Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга салым кошкондор сыйланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Улуттук иденттүүлүк жана руханий баалуулуктар – Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн негизи” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулду. Конференцияга мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, диниятчылардын, дипломатиялык корпустун жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди. Куттуктоодо белгиленгендей, отуз жылдын ичинде агенттик дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, конфессиялар аралык тынчтыкты сактоо жана социалдык консолидацияны бекемдөө боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун маанилүү инструментине айланган.

Иш-чара расмий сыйлыктарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды. Адылбек Касымалиев Агенттиктин кызматкерлерине, ошондой эле ведомствонун түзүлүшүнө, мамлекет менен дин диалогун өнүктүрүүгө, Кыргызстанда улуттар аралык тынчтыкты чыңдоого зор салым кошкон дин кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшырды.

Связанный пост