Кыргызстанда Tunduk Travel улуттук санариптик платформасы иштелип чыгат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү.

Сөзүнүн башында минкаб төрагасы 2026-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 602,8 млрд сомду түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,4 пайызга өскөнүн, бул жерде кызмат көрсөтүүлөр негизги үлүштү түзөөрүн белгиледи.

“Туризм тармагы дагы мейманкана, тамак-аш сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн курамына кирет. Бул темпти сакташыбыз керек. Ал үчүн бардык тармактын, анын ичинде туризмдин салымы болушу керек”, – деген Адылбек Касымалиев акыркы 5 жылдан бери туризм тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекет ар тараптуу аракеттерди, стратегия, тактикаларды ишке киргизип жатканын билдирди.

Кыргызстан  төрт мезгил эс алууга ыңгайлуу мамлекет катары таанылып бара жатканын айтты.

“Бүгүнкү жыйында биз жөн гана отчет угуп койбойбуз, көйгөйлөр боюнча ачык сүйлөшүүлөр болсун! Азыркы талап – сапат үчүн күрөш. Инфраструктуранын абалы, жолдордун сапаты, сервис маданияты жана туристтердин коопсуздугу – бул мамлекеттин жоопкерчилиги жана аброю. Улуттук кеңеш бүгүн мамлекеттин туристтик саясатынын кийинки багытын аныктайт деп ишенем”,-деди Адылбек Касымалиев.

Улуттук кеңештин жыйынында негизинен төрт маселе каралды. Анын ичинде 2025-жылдагы туристтик тармактын жыйынтыктары, Tunduk Travel улуттук санариптик платформасын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Минкаб башчысы туризмди өнүктүрүү менен бирге жаратылышка аяр мамиле кылуу зарылчылыгын белгилеп, табият койнунда эс алуучуларды тазалыкка чакырууну күчөтүү тапшырмасын берди.

Жыйынтыгында, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев алдыда мамлекетке көбүрөк туристтерди тартуу боюнча өтө чоң жана амбициялуу милдет турганын белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Связанный пост