Code 95 сертификаты: Кыргызстанда окутууга кабыл алуу башталды
Code 95 сертификатын алуу боюнча окутууга расмий кабыл алуу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Күн мурун Туманбаев TVG Group эл аралык транспорт компаниясынын директору Ситавичюс Альбертас менен жолугуп, Кыргызстандын жарандарын европалык стандарт боюнча окутуу жана аларды Европа өлкөлөрүндө жумуш менен камсыз кылуу маселелерин талкуулаганын белгиледи.
“Окутуу программасы Кыргызстанда өткөрүлүп, эл аралык европалык стандарттардын негизинде жүргүзүлөт. Бул жарандарга Европа өлкөлөрүнө баргандан кийин кошумча окуудан өтпөстөн сертификат алып эле ишмердүүлүгүн баштоого мүмкүнчүлүк түзөт. Ситавичюс Альбертастын айтымында, бүгүнкү күндө алардын компаниясына эле 1000ден ашык оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары талап кылынат. Европада мындай адистердин айлык маянасы 2500 евродон жогору”, – деди ал.
Туманбаев кошумчалагандай, негизги максат жарандарды сапаттуу окутуу менен катар, аларды туруктуу жумуш мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылуу болуп саналат.
Кабыл алуу боюнча кеңири маалыматты төмөндөгү номер аркылуу алсаңыздар болот:
+996 555 793 555