Жазгы айдоо: Кыргызстанда пландалган иштер 86 пайызга аткарылды
Кыргызстанда пландалган жазгы айдоо иштери 86 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, республика боюнча 703,9 миң гектар жер айдалып, 605,86 миң га аянтка жаздык үрөндөр себилди. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 145,4 миң гектарга көп.
Атап айтканда:
- Буудай 96,5 миң га (план 94,5%), арпа 227,5 миң га (92,0%), жүгөрү 101,7 миң га (91,1%) аянтка;
- Картошка 55,5 миң га (83,5%), жашылча 41,7 миң га (80,2%) аянтта;
- Кант кызылчасы 12,8 миң га (88,2%), пахта 5,7 миң га (89,1%) аянтта.
Облустар боюнча эң жогорку көрсөткүч Баткен облусунда (жазгы айдоо 96,4%, жалпы эгин 81,2%), эң төмөнкү көрсөткүч Нарын облусунда (жазгы айдоо 25,9%, жалпы эгин 67,2%).