Телефондордун ири көлөмдөгү контрабандасы аныкталды

 Телефондордун ири көлөмдөгү контрабандасы аныкталды

“Ак-Жол” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын аймагына уюлдук телефондорду аткезчилик жол менен алып кирүү каналы токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, алдын алуу иштери Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте жасалды.

Бул факты боюнча “Экономикалык контрабанда” жана “Салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу” беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

“Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды жана жагдайларды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост