Мамкызматкерлер улуттук стилдеги форма кийиши мүмкүн
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн күндүн ысык мезгилинде галстук жана костюмсуз иштөөгө уруксат берген токтом чыкты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим, биринчиден — кызматкерлер үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылууга, экинчиден — электр энергиясын үнөмдөөгө багытталган.
“Анткени, костюм жана галстук менен ысыган кызматкерлер иш бөлмөлөрүндөгү кондиционерлерди максималдуу деңгээлде иштеткен учурлар кездешет. Бирок, бул мамлекеттик кызматкерлерге кондиционерди иштетүүгө тыюу салууну билдирбейт”, – деди ал.
Ошондой эле Орунбеков кошумчалагандай, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият министрлигине мамлекеттик кызматкерлер үчүн улуттук элементтер камтылган форманын дизайнын иштеп чыгып, сунуштоо тапшырмасын берди.
“Демек, келечекте мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим үлгүсүндөгү формаларды кийиши мүмкүн. Ал эми протоколдук жана эл аралык иш-чараларда белгиленген дресс-код мурдагыдай эле сакталат”, – деди ал.