Фермерлерге лизинг аркылуу 4,9 млрд сомдук техникалар берилди

 Фермерлерге лизинг аркылуу 4,9 млрд сомдук техникалар берилди

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери дыйкан-фермерлерге лизинг аркылуу 1666 айыл чарба техникасы берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, каржылоонун жалпы көлөмү 4,9 млрд сомду түздү.

Белгилей кетсек, 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси жана министрлер кабинетинин колдоосу менен “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылып келет.

Долбоорлордун алкагында дыйкандарга жана фермерлерге айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү жабдуулары 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген шартта лизингге берилүүдө.

Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик колдоонун негизинде жалпы суммасы 33 миллиард сомду түзгөн 11 629 даана техника дыйкандарга өткөрүлүп берилди.

Связанный пост