Кыргызстанда акыркы коңгуроо 29-майда кагылат
Кыргызстанда акыркы коңгуроо иш-чарасы 29-майда өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Министрлик бул күнү бардык тараптарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
“Акча чогултууга, мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштурууга, окуучулардын унаа башкаруусуна жол берилбейт. Балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.