Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы маектешин алдыдагы улуттук майрамы – Америка Кошмо Штаттарынын негизделгенинин 250 жылдыгы менен куттуктап, өлкөгө бакубатчылык каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өткөн жана учурдагы жылдарда жогорку жана эң жогорку деңгээлде өткөрүлгөн тышкы саясий иш-чаралардын жыйынтыгын талкуулашты.
Ошондой эле соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо, экономика, инвестиция, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана өз ара пайдалуу натыйжаларга жетишүүгө болгон эки тараптуу умтулууну ырасташты.