Быйыл жыл аягына чейин Ош облусунда 19 ишкана ачылат
Быйыл жыл аягына чейин Ош облусунда 19 ишкананы ишке киргизүү каралган. Бул тууралуу облус жетекчиси Аманкан Кенжебаев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында билдирди.
Облус башчысы белгилегендей, август-сентябрь айларында он чакты ишкана ачылат.
Ал эми жыл соңуна чейин 9 ишкана ишке берилет.
“Араван районунда өндүрүш аймагы түзүлгөн. Быйылкы жылы ал жерде 9 ишкана ишин баштады. Былтыр облуста 17 миңдей жумуш орундары түзүлгөн. Быйыл да былтыркыдан кем эмес, 17-20 миңдей орун ачсак деген пландар бар”, – деди Аманкан Кенжебаев.