Агартуу министрлигине 91 кызматтык унаа тапшырылды
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Агартуу министрлигине 91 кызматтык унаа тапшырды.
Минкаб төрагасынын айтымында, ата мекендик Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү ар бир унаага 1 млн 827 миң 700 сом жумшалды.
Касымалиев мугалимдердин коом алдындагы вазийпасын жогору баалоо менен берилип жаткан унаалар натыйжасыз чыгымдар кыскарта тургандыгын белгиледи.
“Айрыкча ал алыскы райондордогу агартуучулардын ишин жеңилдетет”,-деп белгиледи ал.
Минкаб башчысы кызматтык унааларды Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында тапшырды.
Белгилей кетсек, “Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик органдардын ишин болгонун болгондой, жасалмалуулугу жок, таңдан баштап кечке чейинки иш күнүн ачык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Бүгүн Адылбек Касымалиев Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдөгү бир нече объектилерди кыдырууда.