Россияда кыргызстандык мигранттын 1,3 млн рубль эмгек акысы кайтарылды

 Россияда кыргызстандык мигранттын 1,3 млн рубль эмгек акысы кайтарылды

Россияда жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын 1,3 млн рублдан ашык эмгек акысы кайтарылып берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны Н.Т.нын эмгек укуктарын коргоого жана эмгек акы боюнча карызын өндүрүп алууга Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү көмөк көрсөттү.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жаранга “СК Моно” ЖЧКсы тарабынан 1 млн 377 миң рубль өлчөмүндөгү эмгек акысы толук көлөмдө төлөнүп берилди.

Эмгек министрлиги эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн жарандардын укуктук жана консультациялык колдоо көрсөтүү боюнча системалуу иштерди улантууда.

Связанный пост