Кыргызстанда кене чаккан учурлар эки эсеге өстү
Кыргызстанда кенелер активдешип, алардан жабыркагандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге өстү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялнык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Департаменттин паразитология бөлүмүнүн башчысы Жумагүл Усубалиеванын маалыматы боюнча, 11-майга карата өлкөдө кене чаккан 566 учур катталган. Салыштырмалуу айтсак, 2025-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 273 учурду түзгөн. Жалпы катталган учурлардын ичинен 3 бейтапта кене аркылуу жугуучу вирустук инфекция (риккетсиоз) тастыкталган. Алар тиешелүү дарылануудан өтүп, сакайып чыгышты.
Аймактар боюнча статистика:
- Чүй облусу: 216 учур;
- Ысык-Көл облусу: 165 учур;
- Бишкек шаары: 134 учур;
- Талас облусу: 22 учур;
- Нарын облусу: 16 учур;
- Ош шаары жана Ош облусу: 7 учур;
- Жалал-Абад облусу: 6 учур.
“Кене чаккан боюнча кайрылуулардын эң көбү майрам күндөрүнө туш келип, жалпы 173 учурду түздү. Бишкек шаарында башка аймактардан келген жарандардын эсебинен эң көп кайрылуу (81 учур) катталган. Ошол эле учурда Ала-Арча капчыгайында кене чаккан учурлар былтыркыга караганда кыйла аз. 1-майдан 11-майга чейин бул аймакта болгону 2 учур катталган. Адистер муну кенелерге каршы акарициддик иштетүү иштеринин натыйжалуулугу жана эс алуучулар арасындагы түшүндүрүү иштеринин күчөтүлүшү менен байланыштырышат”,- деди ал.
Адистин айтымында, бүгүнкү күндө кене вирустук энцефалитине каршы 87 адам иммуноглобулин алды. Жарандар кайрылган учурда кененин түрүн аныктоо (идентификациялоо) жүргүзүлөт. Эгерде кене кооптуу деп табылса, тез арада иммуноглобулин менен профилактика жасалат.
“Учурда санитардык кызматтар тарабынан калк арасында түшүндүрүү иштери, медициналык кызматкерлердин даярдыгын жогорулатуу жана тобокел тобундагыларды эмдөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө”, – деп жыйынтыктады ал.