Минкаб санаториялык-курорттук дарылоонун жаңы тартибин бекитти

 Минкаб санаториялык-курорттук дарылоонун жаңы тартибин бекитти

Министрлер кабинети майыптыгы бар адамдарды адамдарды санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо менен камсыз кылуу жана аларга акчалай компенсация төлөп берүү тартиби жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ мамлекеттик кызматтын тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиялаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында иштелип чыккан. Токтомдо майыптыгы бар адамдарга  санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомодон баш тарткан учурда акчалай компенсация төлөп берүү каралган.

Финансы министрлигине эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга майыптыгы бар адамдар үчүн санаториялык-курорттук жолдомолорду сатып алууга жана акчалай компенсацияларды керектүү көлөмдө төлөп берүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын каражат бөлүү тапшырылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүү тапшырылды.

Токтом 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Связанный пост