Бишкекте көп функционалдуу борборлор түзүлөт

 Бишкекте көп функционалдуу борборлор түзүлөт

Бишкектин ар бир районунда жаңы көп функционалдуу борборлор түзүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын 2050-жылга чейинки бекитилген Башкы планында айтылат.

Ага ылайык, Ленин районундагы Жайыл баатыр көчөсү менен Барпы Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде “Бишкек-сити” ишкердик борбору пайда болот.

Ар бир райондо түзүлө турган көп функциялуу борборлор:

  • Октябрь районунда – Чыгыш Чоң Чүй каналы менен Чокон Валиханов көчөсүнүн кесилишинде;
  • Биринчи май районунда – мурдагы Пригородное айылынын районунда;
  • Свердлов районунда – Тоголок Молдо жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде.

Адистештирилген борборлор:

  • шаардын түштүк бөлүгүндө – Ч. Айтматов проспекти боюнча административдик борбор;
  • соода борборлору – “Дордой”, “Аламүдүн”, “Таалай”, “Эталон строй”, “Ош” базарлары;
  • медициналык коомдук борборлор – мурдагы Новопавловка айылынын түндүгүнө карай, мурдагы Пригородное айылынын районунда, мурдагы Маевка айылынын жана “Сейтек Көк-Жар” турак жай комплексинин районунда.

Мындан тышкары, шаардын түштүк бөлүгүндө республикалык медициналык кластердин курулушу пландалууда:

  • коомдук билим берүү борборлору – Чыгыш Чоң Чүй каналынын жана Достоевский көчөсүнүн районундагы кампус;
  • коомдук рекреациялык борборлор – мурдагы Рассвет айылынын түндүгүнө карай, мурдагы Орок айылынын түндүгүнө карай, Достоевский жана Чокон Валиханов көчөлөрүнүн районунда;
  • коомдук спорттук борборлор – мурдагы Пригородное айылынын чыгышына карай жаңы ат майданынын курулушу каралууда.

Ошондой эле Башкы планда мурдагы Новопавловка, Учкун айылдык калктуу конуштарында чакан борборлорду уюштуруу белгиленген.

Связанный пост