Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылат
29-апрелден 5-майга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү жолдун 54-чакырымындагы жөө өтмөктү демонтаждоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат.
Унаа жолу жабылган учурда айланма жол уюштурулат.
Министрлик айдоочуларга алдын ала маршрутту пландап алууну эскертет.