Гүлчөдө кайрадан сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

 Гүлчөдө кайрадан сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

28-апрелде Алай районунун Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кайрадан сел жүрүп, мэрия тарабынан өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, сел суусу 92 турак жай (анын ичинде 17 жер төлөөгө, 71 короого жана 4 чарбалык курулушка) жана 2 мектепти каптаган.

ӨКМ тарабынан кырсык болгон аймакка жалпы 74 кызматкер, 8 атайын техника жана 2 инженердик техника тартылган. Мындан сырткары, Алай райондук жарандык коргонуу кызматтары тарабынан тиешелүү мекеме-уюмдардан жана жергиликтүү тургундардан жалпы 388 адам, 27 техника жана 5 мотопомпа тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

“Натыйжада саат 22:20га карата 25 турак жай, анын ичинде 6 жер төлөө жана 19 короо сел калдыктарынан тазаланган”, – деп айтылат маалыматта.

Калыбына келтирүү иштерин координациялоо үчүн министрдин орун басары Искендер Сулайманов окуя болгон аймакта жүрөт.

Желгиленгендей, абалды турукташтыруу жана калкка жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, 27-апрелде дагы Гүлчө шаарында жана Курманжан датка айылында сел жүрүп, 25 үйдүн короосуна суу кирген.

Связанный пост