Жалда 6-кабаттан кулаган кыз ооруканадан чыгарылды

 Жалда 6-кабаттан кулаган кыз ооруканадан чыгарылды

Жал кичи районунда 6-кабаттан кулап, Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жаткан кыз ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Маалым болгондой, наристенин абалы канааттандырарлык. Ал мындан ары тийиштүү үй-бүлөлүк медицина борборунун көзөмөлүндө болот.

Эске салсак, 4-апрелде Жал кичи районунда аял эки кызы менен 6-кабаттан кулаган. Алган жаракаттарынан улам келин окуя болгон жерде, бир кызы ооруканада каза тапкан. Ал эми 2022-жылы туулган экинчи кызы оор абалда Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Буга байланыштуу тергөө иштери башталып, кылмыш иши козголгон.

6-апрелде Ленин райондук сотунун чечими менен келиндин жолдошу 4-июнга чейин камакка алынган.

Связанный пост