Кыргызстанда 3400дөн ашык соцкызматкердин эмгек акысы жогорулатылды

 Кыргызстанда 3400дөн ашык соцкызматкердин эмгек акысы жогорулатылды

Кыргызстанда социалдык камсыздоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Эмгек акыны жогорулатуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун, Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун, “Келечек” майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборунун, “Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун, бардык социалдык стационардык мекемелердин, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн 3400дөн ашуун кызматкерин камтыды.

Кызматтык маяналардын эселөө коэффициенттерин жогорулатуу менен кошо, административдик-башкаруучу, негизги жана жардамчы персоналга ай сайын 15 миң сом, ал эми техникалык жана тейлөөчү кенже персоналга 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөмү кошумча киргизилди.

Министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу 2026-жылдын 1-сентябрына пландаштырылган. Анын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү каралууда.

Связанный пост