Кыргызстанда жумуртка жана эт арзандады

 Кыргызстанда жумуртка жана эт арзандады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы негизги азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жүргүздү.

Ведомствонун талдоосунда көрсөтүлгөндөй, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда бир катар социалдык маанилүү азыктардын баасы туруктуу сакталып, атүгүл төмөндөгөнү байкалууда. Атап айтканда:

  • жумуртка – 2,5 пайыз;
  • каймак май – 1,7 пайыз;
  • ун жана нан азыктары – 0,1 пайыздан 1,4 пайызга чейин;
  • эт (уй жана кой эти) – 0,2-0,3 пайыз;
  • сүт жана кумшекер – 0,1-0,3 пайыз.

Ал эми сабиз менен өсүмдүк майы 0,1-0,3 пайызга гана кымбаттаган.

Казакстанда жаңы чыккан жаш пияздын баасы 32 пайызга көтөрүлгөн. Ошондой эле күрүч, сабиз, кумшекер жана сүт азыктары 3-4 пайызга кымбаттаган.

Россияда болсо сүт, сабиз, кумшекер, картошка жана эт азыктарынын баасы 0,1 пайыздан 1,4 пайызга чейин жогорулаганы байкалды.

Белгиленгендей, мындай салыштырмалуу мониторинг өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө жана баалардын кескин өсүп кетпөөсүн алдын алуу максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Связанный пост