Төрага Марлен Маматалиев Палестинанын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Уайлл Ахмед Батрехини кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакаларга тиешелүү маселелер талкууланып, кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы пикирлер айтылды.

Алгач Төрага Марлен Маматалиев Уайлл Ахмед Батрехини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, жаңы элчиге ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Кыргызстан Палестинадагы коогалуу окуяларга, анын ичинен Газа тилкесиндеги жагдайга тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгилеген Төрага: “Андыктан чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бардык палестиналыктарга көңүл айтам. Миңдеген адамдардын өлүмү менен коштолгон бул кайгылуу окуялар эч кимди кайдигер калтырбашы керек”, – деди.

Муну менен катар Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун, биринчи кезекте Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Газа секторундагы аскердик аракеттерди мүмкүн болушунча тез жана толук токтотууга, гуманитардык кризисти жөнгө салууга жана “эки элге — эки мамлекет” принцибинин негизинде жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган аракеттерди колдой тургандыгын кошумчалады.

Андан сырткары, эки өлкө ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү менен кызматташтыкты жигердүү улантуу керектигин айткан Төрага парламенттер аралык байланыштарды орнотуу зарылчылыгына да токтолду.

Өз кезегинде элчи Уайлл Ахмед Батрехи жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Марлен Маматалиевге ыраазычылыгын билдирип, Палестинанын Улуттук кеңешинин жетекчиси жолдогон саламын жеткирди.

“Бизди эл аралык деңгээлде колдоп, кубаттап келе жаткан Кыргызстандын жетекчилигине жана жалпы элине ыраазыбыз. Эки мамлекетти орток руханий баалуулуктар жана өз ара ишенимге негизделген алакалар бириктирип турат. Андыктан элчилик ишмердүүлүгүмдүн алкагында калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам”, – деди Уайлл Ахмед Батрехи.

Ошону менен бирге элчи өз өлкөсүндөгү соңку кырдаал боюнча кеңири маалымат берди.

Связанный пост