Эми соттук отурум качан өтөрү тууралуу билдирүү телефонго же почтага келет
“Сот” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук билдирүү киргизилүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев бүгүн жергиликтүү соттордун төрагалары менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Анда сот тутумун санариптештирүү алкагында процесске катышуучуларды автоматташтырылган түрдө кабарлоо функциясы ишке киргизилгендиги айтылды. Эми иш боюнча тараптар соттук отурумдар жөнүндө расмий билдирүүлөрдү “Сот” тутуму аркылуу өздөрүнүн мобилдик телефондоруна жана электрондук почталарына түз ала алышат.
“Тараптарга соттук отурумдардын күнү, убактысы жана орду жөнүндө электрондук билдирүү жөнөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө. Бул механизм процесстин катышуучуларын тийиштүү түрдө жана өз убагында кабарлоону, алардын соттук отурумдарга иш жүзүндө катышуусун камсыз кылууга, ошондой эле сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Электрондук билдирүү, эгерде процесстин катышуучулары уюлдук телефон номерин көрсөткөн учурда, соттун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун тийиштүү модулдарынын иштеши аркылуу автоматташтырылган режимде жүзөгө ашырылат. Мындай мамиле почта билдирүүлөрүн кол менен тариздөө жана жөнөтүү сыяктуу көп эмгекти талап кылган процедуралардан баш тартууга мүмкүндүк берет, бул кабарлоо процессин бир топ тездетет жана сот аппаратынын кызматкерлерине болгон жүктөмдү азайтат”, – деди Нурлан Мусаев.
Пилоттук долбоордун артыкчылыктары:
- бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу камсыз кылынат. Анткени, бир почта билдирүүсүнүн баасы болжол менен 127 сомду түзсө, бир электрондук билдирүүнүн баасы болжол менен 5 сомду түзөт.
- билдирүүлөрдү жеткирүүнүн жогорку ыкчамдыгына жетишилет жана билдирүү процесстин катышуучусуна заматта келип түшөт.
Белгиленгендей, соттук отурумдун алдында автоматтык түрдө эскертүү жөнөтүү функциясы ишке ашырылган, бул тараптардын келбей калуу учурларын азайтууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле, сотко чакыруу тууралуу бардык маалымат кадимки СМС же электрондук почтадагы кат аркылуу жеткиликтүү экендиги, жарандардын кагаз жүзүндөгү чакыруу кагаздарын алуу үчүн почта бөлүмүнө баруусунун кажети жоктугу айтылды. Тутумда билдирүүнүн жөнөтүлгөн так убактысы жана жеткирилген статусу катталат, бул процесстин катышуучуларынын укуктарынын корголушуна кепилдик берет.