Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде, Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди.

“EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин тосуп алуу аземи болду.

Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин мамлекет жана өкмөт башчылары — Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Грузиянын Президенти Михаил Кавелашвили, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле Азербайжандын премьер-министри Али Асадов — Жашыл жана туруктуу технологиялардын эл аралык көргөзмөсү менен таанышышты.

Көргөзмөдө ар бир өлкө өзүнүн улуттук павильонун сунуштады.

Кыргызстандын павильонунда күн панелдерин, жер семирткичтерди, электромобилдер үчүн кубаттоочу түзмөктөрдү жана башка көптөгөн продукцияларды чыгарган ата мекендик компаниялардын товарлары коюлган.

Көргөзмөнү көрүп чыккан соң делегация башчылары Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынына катышуу үчүн Конгресс-борбордун имаратына өтүштү.

Регионалдык экологиялык саммит туруктуу өнүгүү боюнча жалпы көз карашты калыптандырууга жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экологиялык саясатын Бириккен Улуттар Уюму менен өнөктөштүктө координациялоого багытталган.

Саммиттин алкагында пленардык жыйындар, тематикалык эксперттик панелдер, ошондой эле жашыл технологиялардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт.

Связанный пост