Кытай компаниялары Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Guipai Holding Group, Hunan Jingwei Real Estate Development Co., Ltd. компанияларынын жана “Инвесфонд Тенгри Инвест” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар Кыргызстанда курулуш, кыймылсыз мүлктү өнүктүрүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле турак жай курулушуна инвестиция тартуу, заманбап шаардык комплекстерди, инженердик жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча долбоорлор каралды.
Компаниялар Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилешти.
“Кыргызстан инвестицияларды коргоонун мыйзамдык кепилдиктерин жана бардык инвесторлор үчүн бирдей шарттарды камсыз кылат. Биз ачык жана туруктуу инвестициялык чөйрөнү түзүү боюнча ырааттуу иш алып барып, долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коштоо жүргүзүп келебиз”, – деди Равшанбек Сабиров.
Компания өкүлдөрү кыймылсыз мүлк жана өнөр жай өндүрүшү тармагында 25 жылдан ашык тажрыйбага ээ экенин, ошондой эле эл аралык долбоорлорду, анын ичинде “Бир алкак — бир жол” демилгеси алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып жатканын айтышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен инвестициялык демилгелерди иштеп чыгууну улантуу боюнча макулдашышты.