1-класска 56 миңден ашык бала катталды
Агартуу министрлиги “Мектеп” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу балдарды 1-класска каттоо уланып жатканын эскертет.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 56 миңден ашуун бала катталды.
Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:
- Бишкек шаарыда – 8 959;
- Ош облусунда – 11 898;
- Жалал-Абад облусунда – 10 581;
- Чүй облусунда – 6 619;
- Баткен облусунда – 6 384;
- Ысык-Көл облусунда – 4 699;
- Нарын облусунда – 2 699;
- Ош шаарында – 2 171;
- Талас облусунда – 2 532.
Белгиленгендей, быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.
Эскерте кетсек, балдарды 1-класска онлайн каттоо 1-апрелде башталган.