Кыргызстан француз бизнесинин катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар

Парижге болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Франциянын Европа жана тышкы иштер министри Жан-Ноэл Барро жана Франциянын Президентинин дипломатиялык кеңешчиси Бертран Бушвалтер менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча кыргыз-француз кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Саясий диалогго, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууга, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө, актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелерге мамилени координациялоого өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап бардык деңгээлдеги эки тараптуу байланыштарды мындан ары активдештирүүгө, биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө, Кыргыз Республикасында француз бизнесинин катышуусун кеңейтүүгө жана гуманитардык кызматташууларды чыңдоого кызыкдар экенин ырастады.

Француз тарап өз кезегинде Кыргыз Республикасы менен мазмундуу диалогду улантууга, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бардык эки тараптуу күн тартиби боюнча үзгүлтүксүз байланыштарды колдоого кызыкдар экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Франция Республикасынын ортосундагы гуманитардык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө кошумча дем берүү максатында иштелип чыккан маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө Макулдашууга кол коюшту.

Связанный пост