6-кабаттан кулаган кыз нейрожаракаттар бөлүмүнө которулду

 6-кабаттан кулаган кыз нейрожаракаттар бөлүмүнө которулду

Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулаган 4 жашар кыздын абалы туруктуу. Дарылануусу уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, наристе жандандыруу бөлүмүнөн (реанимация) нейрожаракаттар (нейротравма) бөлүмүнө которулду. Абалы туруктуу деп бааланууда жана дарылануусу уланып жатат.

Эске салсак, 4-апрелде Жал кичи районунда аял эки кызы менен 6-кабаттан кулаган. Алган жаракаттарынан улам келин окуя болгон жерде, бир кызы ооруканада каза тапкан. Ал эми 2022-жылы туулган экинчи кызы оор абалда Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Буга байланыштуу тергөө иштери башталып, кылмыш иши козголгон.

6-апрелде Ленин райондук сотунун чечими менен келиндин жолдошу 4-июнга чейин камакка алынган.

Связанный пост